—  Каржы полициясы мыйзамсыз баюуга шектелген мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу Каржы полициясы бүгүн билдирди.

Ттергөө учурунда Сарпашев өз каалоосу менен буга чейин сатып алган жана жакын туугандарына катталган Токтогул районундагы 500 гектар жайыт жерди, ошондой эле 30 гектар сугат жерди мамлекеттин балансына өткөрүп берерин билдирди.

«Келерки жумада Сарпашев аталган жерлерди Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнө кайтарып берет. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп айтылат Каржы полициясынын маалыматында.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here