Кечээ, 30-ноябрь күнү Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну атасын уруп өлтүрдү. Бул маалыматты милиция тастыктады. Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган Р.Ж. өзүнүн үйүндө атасы Р.М.ны кетмен менен башка уруп өлтүргөн.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз катчысы тастыктап, кийин кошумча маалымат берилерин билдирди.