Биз азыр эле көзү ачыктык кылып айта кетели, буйруса жакынкы мезгилде Жээнбековдун экс-президент макамы алынат. Ким тарабынан дебейсизби? Жаз алды менен шайлана турган Жогорку Кеңештин 7 -чакырылышынын демилгелүү депутаттары тарабынан. Бирок алдыда келе турган эл өкүлдөрүнүн баары демилгелүү, намыстуу, мекенчил болушат деп айтуудан алыспыз. Арасында арзыматтар, абийири жоктор деле арбыныраак болоор. Ансыз болбойт деңизчи. Ошентсе да, Жээнбековдун экс-президент макамын алуу маселеси эртедир -кечтир көтөрүлүп, акыр аягы ал макамдан ажыратышат. Бул күтүлүп жаткан, бирок бышып жетилгенде ишке аша турган маселе. Кыскасы, Жээнбековдун башына кара булут эми алдыда айланат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here