Кыргыз мамлекетинде жогорку окуу жайлар жыл башынан ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы жазды.
“Жогорку окуу жайларды жаңы жылдан кийин ачабыз. Бир аз сабыр кылып туруңуздар. Шаарда бакчаларды ачуу маселе жаратууда. Бардык жолдорун караштырып жатабыз»,- деп жазылган маалыматта.
Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин жогорку окуу жайларда окууну жандандыруу боюнча маселе каралып жатканын кабарлаган.