Кечээ, 29-ноябрда саат 08:30 чамасында Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери курал көтөргөн жаранды кармашты. Анын кыймылынан улам шек жаралып, текшерүүгө алышкан.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2002-жылы туулган А.А. текшерүүгө алынып, анын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча жана 6 ок табылды. 18 жаштагы жигит Свердлов РИИБге жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here