Быйыл жайында өткөрүлө турган Токио Олимпиадасын коронавирустун айынан бир жылга кечеңдетүүнүн айынан анын уюштуруучулары 2 миллиард АКШ доллар (200 миллиард йен) кошумча чыгымга кабылышканын Япониянын ЖМКлары жазып чыгышты. . Чыгымдар: кызматкерлерге кошумча айлык акы төлөө, колдонулбай калган билеттерди кайтаруу системасын түзүү сыяктуу иштердин төлөмдөрү жана башкалар кирет. Токио Олимпиадасын уюштуруучулар 2020-жылдагы спорттук майрам 7,3 миллиард долларга турат деп 2013-жылы санашкан, эми болсо оюндардын жаңы чыгымдары дээрлик 13 миллиард долларга турат. Пандемиядан Олимпиада оюндары келерки жылга жылдырылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here