Азыркы заманда тамактын түрү өтө көп болгондуктан, адамдар алардын айырмасын биле албай жана билгенге да аракет кылбагандыктан, ар кандай ооруларды ашырышууда. Мисалы, метаболикалык синдром (метаболический синдром) оорусу – 4 нерсени камтыйт. Бул семиздик, кандын басымынын жогору болушу, кан тамырлардагы майдын пайда болушу (жаман холестерин) жана 2-типтеги кант диабети.Биз жеген тамактардын баары эле организмди азыктандырбайт. Көпчүлүгү организм үчүн зыяндуу, таптакыр пайдасы жок. Азыркы заманда акыл-эстүү адам организмди кайсы тамактар азыктандырат, мына ушуну аңдап түшүнүүсү аба менен суудай зарыл болуп турганын көрөм. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдардын бул түшүнүктөрдү түшүнүп, кабыл алып, колдонуусуна көп убакты талап кылынарын жана да өжөрлөнүп эмгек кылуу керектигин түшүнөм. Канткенде ден соолугубуз чың болуп, шайдоот жашай алабыз?Организмибизди туура азыктандыра алсак…Азыктандыруу деген эмне? Азыктандыруу – бул биз күнүгө жеген тамактардан организм өзүн курууга далалаттануусу, жакшы иштегенге аракеттенүүсү. Алар:

• аминокычкылдар (белок үчүн кыштар)

• майлар (клетка ү’ курулуш материал)

• углеводдор (таза энергия)

• витаминдер, микроэлементтер (организмдеги бардык реакциялардын катализаторлору). Э-де витамин-р жетишпесе организмде реакциялар жай жүрөт. Демек, зат алмашуу жай иштейт дегендик.

• суу (таза суу)

• аба (кычкылтек)Биз туура эмес тамактангандыктан, клеткаларыбызга керектүү АЗЫК-ЗАТТАР ЖЕТИШСИЗ болот, аны клеткаларыбыз БИЗГЕ АЙТА АЛБАЙТ. Бирок ошол дефицит менен өзүнүн милдеттерин аткарганга аракет кылат.

Демек, ден соолукта болуш үчүн туура тамактануудан башташ керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here