Дан азыктары өтө көп. Биздин өлкөбүздө кеңири колдонулгандары – буудай, арпа, сулуу, таруу, жүгөрү, күрүч ж.б. Дан азыктарында алардын баалуулугун көрсөтүүчү белок, углевод бар. Бирок басымдуу бөлүгүн углевод түзгөндүктөн, шарттуу түрдө углеводдорго киргизебиз. Биздин элибиз үчүн дан азыктарынын ичинен өзгөчө баалуусу – бул НАН. Азыркы заманбап мезгилде шаарда жашаганыбыз, айылда жашаганыбыз деле аппак ундан жасалган нанды өзгөчө сүйүп жейбиз. Дасторконубуздун көркү – аппак ундан жасалган. Нан, нан азыктарынын түрлөрү: боорсок, булочка, чак-чак ж.б. бардык татымалдар. Ушул аппак ундан жасалган нандын жана нан азыктарынын биздин организмибизге канчалык пайдасы бар? Гликемикалык индекси (ГИ) 100дү көрсөткөн аппак ундан жасалган нан азыктары жээрибиз менен дароо кантка (глюкозага) айланып, инсулинди чакырат. А инсулин кандагы ашыкча глюкозаны майга айландырып, клеткаларга жалгаштырат. Канчалык глюкоза көп болсо, глюкоза майга айланып семирип кете беребиз. Эгерде инсулин ашыкча глюкозаны майга айландырып зыянсыздандырып турбаса, кандагы нормадан сырткары глюкоза организм үчүн өтө уулуу (токсично!!!) Ден соолугун чыңдап, чыйрак, тың жашагысы келген адам ата-бабаларыбыз колдонгон ыкманы колдонсок туура болот. Бир кап буудайды тазалап, тегирменден тарттырып алып, үйдө өзүбүз нан жасап жесек көп эсе пайдалуу. Мында муну эске алуу зарыл!!

Камырга кант, маргарин жана дрожжи кошконго болбойт. Айылда апаларыбыз камыр ачыткы менен ачыткандай, камыр ачыткы менен ачытсак пайдалуу даамдуу болот. Албетте, бул түйшүктүү жумуш. Ден соолукта болуу ушундай түйшүктүү жана эмгекти талап кылат. Кайсынысын тандайсыз, ал сиздин чечимиңизден жана терең аңдап тандаган тандооңуздан көз каранды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here