Президенттин Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын убактылуу камагына эки айга камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Бул чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 24-ноябрда кармалган. Тергөө 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо өнөктүгү учурунда Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан бошотуу коркунучу менен ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбур кылгандыгы аныкталды. Ал мыйзамсыз алынган акчаны шайлоо өнөктүгү учурунда пайдаланган деп айтылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here