Баланы уламдан-улам урушпоо үчүн эмне кылыш керек? Баланы тарбиялоо абдан оор жумуш. Айрым учурда сиз балаңызды катуу урушкандан улам, ал сизге кайра жооп ирээтинде кыйкырышы мүмкүн.

Ага карабай айрым ата-энелер балдарын тарбиялайм деп, уламдан-улам кыйкырып урушуп, ал тургай ура бергенди адатка айланткан.

Эгерде сиз кардыңыз ач жана абдан чарчап турсаңыз

Эгерде сиз чындыгында кардыңыз ачып, чарчап турсаңыз, анда алгач кардыңызды тойгузуп, балаңыздын кардын тойгузун анан баарлашууга, маселени чечүүгө өтүңүз.

Ал эми чарчап турсаңыз, терең дем алып, бир жерге отуруп, оюңузду топтоп, өзүңүздү колго алып, андан соң мамилени улантыңыз.

Өзүңузгө жетиштүү көңүл бөлүп жатасызбы?

Адистердин айтымында өзүнө жетиштүү көңүл бөлбөгөн ата-энелер көпчүлүк учурда, жинин балдарынан урушуп чыгарат. Андыктан эстеп көрүңүз, акыркы жолу өзүңүзгө качан сонун кам көргөндүгүңүздү. Мисалга: досуңуз менен бир кафеге барып, тоого же таза абага чыгып сейилдеп келиңиз.

Балаңызды тушүнүүгө аракет кылыңыз

Сиз дагы бала болгонсуз, андыктан балаңыз дагы эмеелерди талап, эмнеге көңүлүн бурдургусу келип жаткандыгын аңдап түшүнүүгө аракет кылыңыз.

Кыйкырык менен эч нерсе чечилбейт

Сизин кыйкырууңуздан улам, балаңыз коркок болуп, өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жоготуп коюшу мүмкүн. Андан көрө балаңызга жакшы мотивация бериңиз.

Демек урушуу, кыйкыруу менен эч нерсе чечилбейт экен.http://www.zaman.kg/

http://www.zaman.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here