Статистикалык маалыматтарга ылайык, аялдардын 90%ы оргазмга жете албаганын түшүнгөндө, аны имитация кылышат. Имитиациянын себептери: тажагандан, чарчагандан, ыңгайсыздыктан, оорутудан улам сексти токтотуу, өнөктөшүнө жагуу.
Оргазмдын жоктугу өнөктөшүнүн техникасынан, тажрыйбасынан жана башка себептерден көз каранды эмес.
Финдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, оргазмга жетүүдөгү эң негизги фактор – бул психологиялык комфорт: ал сексуалдык каалоону, дүүлүгүнү жогорулатып, өзүнө болгон бааны көтөрөт.
Оргазм алганга чейин, алып жатканда жана алгандан кийин аял кандай көрүнөөрүн бул сүрөттөн байкасаңыз болот. Сүрөттү өзүнүн О Project долбоорунун алкагында бразилиялык фотограф Маркос Альберти тарткан. Оргазмдын сапатына эмне таасир берет?
Психолог жана социологдор оргазмга таасир тийгизген төрт нерсе бар экенин аныктап чыгышкан.
1. Аялдын жашы жана билими жогорулаган сайын оргазмга жетүү ыктымалдуулугу да көбөйөт. Себеби, аялдар төшөктөн өздөрүнө көңүл бурууну талап кылып, секс тууралуу сүйлөшүүдө өздөрүн ишенимдүү сезип калышат.
2. Ар дайым аялдын сезими экинчи орунда болгон консервативдүү көз караштагы (диний жана социалдык) айымга караганда, либералдуу көз караштагы айым оргазмга көбүрөөк жетет.
3. Аял мамиледе өзүн канчалык ыңгайлуу жана бактылуу сезсе, сексуалдык планда да ал ошончолук ачылат.
4. Сексуалдык зомбулук же жыныстык катнаш менен байланышкан башка жаракаттарды алган аялдын оргазмга жетүүсү кыйыныраак.
Мамиледеги бакыт, комфорт жана ырахатты камтыган үчүнчү пункт баарынан чоң мааниге ээ. Себеби, идеалдуу мамиледеги аялдардын 70%ы оргазм алаарын айтышкан. https://bilesinbi.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here