Бишкек шаарындагы үйүнөн кечээ, 25-ноябрда саат 10:20 чамасында чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан окуучу бир туугандар изделип жаткан. 11 жаштагы Даткайым менен 8 жаштагы Барсбек Салижанов учурда Жалал-Абаддагы чоң атасы менен чоң апасынын жанында. Алар эч кимге билдирбей чоӊ атасыныкына жол тартышкан.

Бул маалыматты АКИpress агенттигине балдардын апасы Дина билдирип, издөө иштерине катышкан жарандарга ыраазычылык айтты.

Анын айтымында, окуучулардын эс алуусу учурунда эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдары Жалал-Абадга барган эмес. Алар изделип жатканы тууралуу маалыматты агасы көрүп, Жалал-Абадга каттаган таксисттер да маалымат берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here