Жаңы Конституцияга мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүүнү киргизүү сунушталды. Бул тууралуу сунушту бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында кеңешменин мүчөсү Каныбек Осмоналиев берди.

Ал 9-класстык билим берүү — Кыргыз өлкөсүндө милдеттүү экендигин белгиледи. Осмоналиев заманбап дүйнөнүн шартында 11-класстык толук билим берүү зарыл деп эсептей турганын айтты.

«Жаңы Конституцияда мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү керек. Ошондо ата-энелер милдеттүү экенин билишет», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here