Ат-Башы районун башчысы Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Өзбекстандын Фергана облусуна барып, аталган облустагы ишканалар менен таанышты. Ошондой эле Фергана району менен Ат-Башы району импорт, экспорт боюнча иш алып баруу максатында достук келишимине кол коюшту. Ат-Башы районунан барган ишкерлер дагы өз тармактарында иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эт, жүн, картошкаларды экспорттоо жолун дагы карашты. Район жетекчилери Фергана районуна сырьё катары бергенге Ат-Башы районуна жүндөн жип чыгаруучу жана терини биринчи иштеп чагаруучу ишкана куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Алдыда ал жактан дагы делегаттар биздин районго келүүсү күтүлүүдө.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here