Ош шаарында 19-ноябрда мыкаачылык менен өлтүргөн 20 жаштагы Нурбектин кошуналары ошол түнү эч кандай кыйкырык же ызы-чуу үн уккан эмес. Аймактык кабарчы окуянын чоо-жайын териштирди.

Окуя болгон жердеги көп кабатуу үйлөрдүн биринде жашаган Бектурдун (аты өзгөртүлдү) айтымында, ошол күнү келинчеги ошол түнү төрөгөн. Ал төрөт үйүнөн түнкү саат 21:00 чамасында келген. Бирок ал убакта көчө жымжырт болгон.

«Эгерде адамды бычактаса кыйкырык, өкүрүк чыкмак да. Окуя болгон түнү эч кандай ызы-чуу уккан жокпуз. Бул жерде жашаган эч ким бир ачуу үн укпаптыр. Окуя менин айнегимдин түбүндө болуптур. «Өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр» дешти. Аны кантип бычактап өлтүргөн түшүнбөдүк. Ошол күнү келинчегим төрөп, төрөтканадан келип, үйдө жаткам. Терезенин түбүндө 10-15 чакты адамдар топтолуп, күбүр-шыбыр болуп калды. Карасак милициялар, бир топ адамдар топтолуптур. Бир милиция «сиз эч нерсе байкаган жоксузбу?» деп келди. Андан соң эшикке чыгып окуя боюнча уктум», — деди Бектур.

Бектурдун айтымында, ал жашган көп кабаттуу үйдүн алдында буга чейин унаалардын дөңгөлөктөрүнө бычак сайып кеткен окуялар катталган.

Айрым күбөлөрдүн айтымында, Нурбек ошол түнү спорт залдан кайтып келе жаткан. Анын колундагы баштыкта алмасы болгон. Нурбектин денеси Масалиев кең көчөсүндөгү №54 көп кабаттуу үйдүн алдындагы гараждын жанынан табылган. Анын денесин аталган көп кабаттуу үйдө жашаган адам унаасын токтотуп жатып көргөн.

Маркум Нурбек Өзгөн көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде ижарада достору менен жашачу. Коңушулары Нурбек үйгө жакында эле көчүп келгенин, ошондуктан ал боюнча көп маалымат билбей тургандыктарын айтышты. Окуя болгон түнү Нурбек жашаган батирде эч кандай ызы-чуу угулган эмес.

Окуя тууралуу:

19-ноябрда Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан 20 жаштагы жигиттин бычакталган жансыз денеси табылганы кабарланган.

Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон жигиттин мойну кесилип жана көкүрөк тарабында бычак сайылган издер болгон.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктап, толук маалымат бериле турганын билдирген болчу.

Андан кийин каза болгон жигит Кара-Суу районунун тургуну У. уулу Н. экендиги такталган. Окуя болгон жерден кандын тактары бар бычак табылган. Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, адам өлтүрүү беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган болчу.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Ал Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштеген, коңшу мамлекеттердин биринин жараны, 1993-жылы туулган Р.А. болуп чыккан.

Р.А. маркум менен жөөлөшүп кетишкенин, ал мас абалда намысына шек келтирип сүйлөгөнүнөн улам ачуусун кармай албай чөнтөгүндөгү бычагы менен бир нече ирет сайып жибергенин, У.уулу Н. жыгылып кеткен соң коркуп жардам бербестен качып кеткенин айткан. Шектүү окуя болгон учурда мас абалда экенин билдирген.

Булак: Turmush

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here