Нарын шаарында октон бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 24-ноябрда саат 18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө А. аттуу жаран телефон чалып, Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан «Корона» ресторанынын алдында ок атылып, бир адам ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, буларды аныкташкан: Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну К.А. менен 1999-жылы туулган тургуну Т.Э. экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, Т.Э. белгисиз ок атуучу курал менен бир жолу аткан. Ал ок Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну М.Д.нын (көчөдө турган) оң бутуна тийген. Т.Э. куралды кайра К.А.га багыттап, ок чыгарганы жатканда К.А. анын колунан кармап, тоскоолдук кылган. Ошол учурда куралдан ок чыгып, К.А.нын курткасын тешип кеткен.

Ал эми М.Д. ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан автоунаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барган.

Бул окуя Нарын ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Азыркы учурда шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, аларды кармоо иш-чарасы жүргүзүлүп жатат. Жогорудагы жарандардын уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here