Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 10 адам кошулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.

Кеңешменин курамы мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык өзгөргөн. Маалыматта:

«Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгү эске алынды. Ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартып, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелери жетекчиликке алынды», — деп айтылат.

Кеңешмеден үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ЖК депутаты Канат Керезбеков чыгарылган.

Кеңешме курамына 10 киши кошулган:

  • Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  • Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  • Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Төлөйкан Исмаилова — «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;
  • Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;
  • Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  • Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  • Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  • Таалайбек Шамурзаев — Кыргыз-орус славян университетинин Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here