41 жаштагы жаран чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 24-ноябрда саат 16:37де Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган аял ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталды.

Ыкчам тергөө ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Чүй облусунун 41 жаштагы тургуну З.В. кармалды.

Алдын ала маалыматка караганда, З.В. жана маркум – 33 жаштагы Б.Л. конокко барып, мас абалда болушкан. Андан кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгып, З.В. бычак менен маркумдун сол акырегине сайган. Б.Л. ооруканага жетпей көз жумган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here