Бүгүн Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин карап, аны бул кызмат ордуна шайлашты. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери министрдин орун басары кызматын аркалап келген. Буга чейин  өкмөт башчы  тарабынан сунушталган талапкер Жогорку Кеңештин регламенти, конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитеттери тарабынан каралган. Солтонбекова 42 жашта. Ал өкмөттө бөлүм башчы, 2017-жылы өкмөттүн Чүй облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here