Кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү азыр сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын  25-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси талкууланып жаткан учурда  биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди. Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Новиков тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келгенин, сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча экенин айтты жана анын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткенин билдирди. Новиков быйыл май айында салык боюнча киреше көрсөткүчү 31 миллиард сомго кыскартылганын белгилеп, тыштан келген акчадан айлык акыга сегиз миллиард, пенсияга 5,4, жөлөкпулга эки, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына трансфертке 3,9, экономиканы колдоого 2,6 жана коронавируска каршы күрөшкө 3,1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here