Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун дээрлик 33 жылын ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан болчу. Ал бир топ жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн. Ал айтылуу: «Ильяздын ыры» деген обондуу ырдын автору

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here