Ысык-Көлдө бир катар уурулук кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан октябрь айына чейинки аралыкта Ак-Суу району менен Каракол шаарындагы банк мекемелеринен, ошондой эле соода түйүндөрүнөн бир катар уурулук фактылары катталган. Тактап айтканда, 10-февраль күнү белгисиз адамдар Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан «Мөл Булак» кичи насыялык компаниянын имаратына эшигин сындырып киришип, 800 миӊ сомду түзгөн уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.

21-июль күнү ушул эле айылда жайгашкан «Бай Түшүм» банкынын имаратынан терминалды сындырып, анын ичиндеги 91 миң 250 сом акча каражатын чыгарып кетишкен.

Сентябрь айында ушундай эле ыкма менен Каракол шаарындагы «Бакай Банктын» терминалындагы акча каражатын алууга аракет көрүлгөн.

Октябрь айында Каракол шаарынын соода түйүндөрүнөн бирдей ыкмада жасалган 3 уурдоо фактысы катталып, 50 миӊ сомдон ашык турган буюмдар уурдалган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар ички иштер бөлүмдөрү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жакында Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары тургандыгы, Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын 31 жаштагы тургуну А.А. жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 35 жаштагы жашоочусу О.У. болгондугу маалым болгон.

Шектүүлөргө соттун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында алардын ушундай өңдүү кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Подозреваемый. Фото предоставлено пресс-службой УВД Иссык-Кульской области

Подозреваемый. Фото предоставлено пресс-службой УВД Иссык-Кульской области

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here