Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «Мегаком» иши боюнча 1 миллион доллар алганын саясатчы Феликс Кулов да билерин айткан. Бүгүн, 24-ноябрда Кулов буга жооп берип, билдирүү таратты.

«Азыр мага Садыр Жапаровдун сөзүн айтышты. Мен жөнүндө айтылган бул сөздөр эмнеге негизделгенин билбейм, бирок тергөө учурунда жана сотто ант берип, айткандарымды гана кайталай алам. Менден 2010-жылы 21-декабрда Текебаев кайда деп сурашкан, анткени Маевский ошол күнү парламенттин имаратында Текебаев менен жолуккан деп божомолдонууда.

Дал ушул күндөрү парламенттик оппозицияны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча консультация жүрүп жаткан. Ошондуктан, биз аны издеп жатканбыз, бирок ал жумушта жок болчу, мага ал туулган күнүн майрамдоого кеткен деп кабарлашкан. Эсимде, ушул маалда мен Текебаев улуу адам экен, ал 21-декабрда Сталин менен бир күндө төрөлгөн экен деп тамашалагам. Бирок кийинчерээк анын туулган күнү 22-декабрь деп айтышты. Жалпысынан биз ал күнү Текебаевди тапкан жокпуз.

Ал эми,  “Ата-Мекен” фракциясы менен биздин “Ар-Намыс” фракциясы анда оппозициялык коалиция түзгөн жок. Мен бул датаны кокустан жаттап алып, анын ишине күбө болуп калдым.

Эми Садыр Жапаровдун бүтүндөй саясий элита деген билдирүүсүнө токтолсок, бардык депутаттар Текебаев миллион доллар алгандыгын, анын ичинде Жапаров өзү дагы тастыктай алаарын билишкен.

Буга мен бир гана кеңеш бере алам: бул маалыматты билсе сотко кайрылсын, жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү далилдерди бер, бирок мени интригаларга аралаштырып, жалган көрсөтмө бербеш керек”, — деп жазды Кулов.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here