«Президенттикке талапкерлер абайлап сүйлөп, ар бир билдирүүбүздө биз акыйкатты, чындыкты калыс айтып турушубуз керек». Бул тууралуу президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз бүгүн, 24-ноябрда талапкерлердин басма сөз жыйынында билдирди. Ал Садыр Жапаровдун 23-ноябрда 7-каналдагы маегинде чындыкка дал келбеген сөздөр айтылганын белгиледи:

«Текебаев, Иманалиев, Отунбаева жана башка саясатчыларды айыптаган сөздөрдү айтты. Текебаевди «Конституцияны өзүнө гана ылайыкташтырып жазып алган» деп айыптаганы — далилденбеген, тастыкталбаган сөз. Ошондой эле «Маевскийден 1 млн. доллар алган, менин күбөлөрүм бар» деп атын атаган кишилердин бири Кулов бүгүн «мени аралаштырбагыла» деп айтып чыкты. Ар бир талапкер оппоненттерин каралап, элди каршы тукурууга жеткирген сөздөрдү айта берсе, биз ага каршы турууга тийишпиз. Биз шайлоону калыс жана татыктуу өткөрүп алышыбыз керек».

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 23-ноябрда 7-каналдагы маегинде айткан сөздөрүнө карата, бүгүн, 24-ноябрда айрым президенттикке талапкерлер жооп иретинде басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар Садыр Жапаровдун сөздөрүндө талапкерлерге айыптоо, жалаа жабуу аракеттери байкалганын белгилешти.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 23-ноябрда «7-канал» сыналгы каналына кенен маек куруп, долбоорду сындап жаткандарга жооп берди. Жапаров 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзам бир адамдын кызыкчылыгында гана жазылган деп кескин сындады.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү кеңешме Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жарыяланган Конституциянын долбоорун талкуулоого киришти. Анда референдумду 2021-жылы 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталууда.

Долбоорду колдогондор, эгер ал кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Коомдук-саясий чөйрөдө бул долбоорду сындагандар «Кыргызстан супер президенттик башкаруу түрүнө кайтып, ал түгүл президент хан сыяктуу кеңири бийликке ээ болгон жатат» деген пикирлерин айтууда. 22-ноябрда жарандык активисттер Бишкек шаарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылык жүрүшкө чыгышкан. 

Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here