Ош шаарында 1 кап ундун баасы 1500 сомдон 1850 сомго чейин көтөрүлдү.

Маалым болгондой, мындан 1 ай мурда ун 1300 сомдон сатылган. Бүазарга ун алууга келген Мавлюдахан Кадирова мурда 1750 сомдон сатып алган уну 1850 сом болуп калганын айтат. Ал 5500 сом пенсиясына уулу экөө күн кечирет. Алган пенсиясы ун, эт жана өсүмдүк майынан ашпай калды

«Карантин башталганда 1 кап ун 1300 сомдон болчу. Кийин 1750 сом болду. Арзандабай кайра кымбаттап жатат. 1 ай мурда 1700 сомго алып кеткен ун азыр 1850 сом болуптур. Уулум операциядан кийин ден соолугу начарлап калган. Акча таап иштей албайт. Экөөбүз менин 5500 сом пенсияма жашайбыз. Ундан башка эт, өсүмдүк май баары кымбаттады. Алган пенсиямды эмнеге жеткиришимди билбейм. Ундарды арзандатып койсо болот эле», — деди ал.

Ош шаарындагы ун дүкөндө иштеген Жаныбек Турдумаматовдун айтымында, кардарлар Кыргызстанда өндүрүлгөн унду сатып алышпайт. Кымбатыраак болсо да Казакстандын унуна суроо-талап көп. Себеби, жергиликтүү ундун сапаты начар.

«Казакстандан ундун келиши солгундап калды. Келген сайын 20-30 сомдон кошулуп жатат. Ундар 1 айдын ичинде 100-150 сомдон кымбаттады. Мындан ары кымбаттайбы же арзандайбы кандай болот белгисиз. Кыргызстанда алган унду кардарлар кээде «сапаты начар экен» деп кайтарып беришет. Ошондуктан Казакстандан келген унга талап көп. Өзүбүздө өндүрүлгөн эт, шекер, өсүмдүк майын унду арзандата албай жатат. Биз сатып алган товарга 5-10 сом кошуп сатабыз. Көп кошсоң дароо эл нараазы болот», — деди сатуучу.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Исматилла Сатинбаевдин айтымында, ун, өсүмдүк майына жана шекерге болгон баага чектөө киргизүү боюнча 1 ай мурда өкмөткө сунуш берилген. Ун чыгарган «Агро Союз» ишканасы 1 айдан бери иштебей турат.

«Бизге ундун 80% Казакстандан келет. Казакстандын унуна суроо-талап көп. Доллардын курсу көтөрүлгөндүктөн ундун баасы 15-20% көтөрүлдү. Биринчи сорт ундун 1 кг 33 сомдон 40 сомго чейин кымбат болуп жатат. Биз бул боюнча өкмөткө сунуш бергенбиз. Бүгүн, эртең кол коет. Андан кийин малекет 90 күндүк бааны жөнгө салуу киргизет.

Буга чейин эт азыктары кымбаттагынадыктан өкмөт мал-жандыктарды чет өлкөлөргө экспорттоого чектөө киргизди. Андан башка 14 азык-түлүктүн түрүн кошуна өлкөлөргө сатуу чектелди. Алар дан азыктары, шекер, өсүмдүк майы жана башкалар азык-түлүктөр», — деди Сатинбаев.

Өлкөдө 15-марттан эпидемиолагиялык абал күчөп баштаганда соодагерлер 1 каптын ундун баасы 2000 сомго чейин себепсиз кымбататкан. Анда айрым соодегерлер унду кампаларына жашырып алганы аныкталган. Көп өтпөй тиешелүү органдар унга болгон баага чектөө коюлган.

ист:Turmush

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here