Бишкектеги Перинаталдык борбордо 16-ноябрда жарыкка келген 3 эм төрөтканадан чыгарылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын бүгүн, 24-ноябрдагы маалыматы боюнча, 3 эмге ата-энеси Атабек, Атахан, Атабий деген ысымдарды тандашкан. Алардын салмагы 2 кг 290 грамм, 2 кг 380 грамм жана 2 кг 220 грамм болчу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери ымыркайлардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ата-энесине тапшырып, бир жолку сүйүнчү пулун чектешти.

3 эмдин апасы 20 жашта. Ал буга чейин бир кыздуу болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here