Кээ бир аталар үйлөрүн унутуп коюшуп, башка иштерге көп алагды болушат. Ар б ир буюм өз ордунда турган, таза жана тартиптелген үйдү көрүү кандай жакшы. Үйдүн кооздугун толуктоо үчүн аракет кылуу керек. Кээ бир үйлөргө кирсең ашкана буюмдары уктоо бөлмөсүндө, уктоо бөлмөсүндө керектелүүчү буюмдар, конок үйүндө жатат. Бут кийим, окуу китептери жана башка буюмдар кичинекей балдарга оюнчук болуп керебеттин үстүндө жатканын көрөсүң. Бул көрүнүштөр, балдардын эртеден кечке урушуп, талашып-тартышуусунан жана эненин чарчоосунан кийин пайда болгон. Биз үйдү жыйноодо жана тартиптөөдө, батылуулук жана кубанычтын бар экенин унуттук. Балдардын тартиптүү болуп чоңоюусу үчүн, атасы аларга сыйлык берип, үй жыйноодо апасына жардам берүүгө көндүрүүсү зарыл. Атанын бул жерде өтө чоң орду бар, анткени ал балдарына үлгү. Атанын үй жыйноосу жана тартипке келтирүүсү айып эмес. Эң жакшы инсан жана акыйкатты жакшы көрүүчү Аллахтын сүйүктүүсү Пайгамбарыбыз (С.А.В) үй-бүлөсүнө кызмат кылган, бут кийимин өзү жамаган, төөнү да өзү саап келчү. Инсандын кадыр-баркы үй буюмдарын тазалоо менен кемибейт. Бардык жүктү аялга таштап коюу бул чоң жаңылыштык. Эркектин үй иштерине аралашуусу балдарынын жакшы тарбиялануусуна чоң таасир тийгизет. Ой жүгүртүп көрчү:

• Балдарың менен акыркы жолу качан ойногонуңду качан тамашалашканыңды жана кубандырганыңды эстей аласыңбы? • Балдардын түйшүктөрү, сабактары, жөндөмдүүлүгү жөнүндө акыркы жолу качан сурадың?

• Балдарың менен тамактануунун адеби жөнүндө олтуруп сүйлөштүң беле?

• Үйдө нафил намаздарын окуйсуңбу? • Сен үйүңө келгенде аялың, балдарың сени кубанып тосуп алышабы?

• Акыркы жолу качан аялыңа белек бергениңди эстей аласыңбы? • Аялың менен акыркы жолу качан кеңешип, сүйлөшүп олтурдуң эле? • Аялың менен болгон маселелерди балдарыңа угузбай чечүүгө аракет кыласыңбы?

• Аялыңдын укугун өзүңдүн укугуңдай ойлойсуңбу?

• Үйдү жыйноодо, тазалоодо аялыңа жардам берүүнү ойлондуң беле? • Эгер үйгө ачка келсең, даяр тамак таппасаң ачууланбайсыңбы?

• Эгер дүйнөлөк бир иште сени менен аялыңдын ортосунда келишпестик күчөп кетсе, эмне кыласың?

• Дин илиминде аялың билбеген нерселерди үйрөтүүгө умтуласыңбы? • Аялың үй жумуштарын берилип жасаганы үчүн ага сөз же иш-аракет менен ыраазычылык айтасыңбы?

«Жашооңду өзгөрт»китеби.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here