Ысык-Көлдүн башчысы жол кырсыкка кабылганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. 23-ноябрда саат 08:50 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардык аймактык ооруканадан жол кырсыктын кесепетинен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев түшкөндүгү тууралуу билдирүү келген. Шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу бул билдирүү боюнча жеринде буларды аныкташкан: «Тойота Lеnd-Cruzer Prado» үлгүсүндөгү кызматтык унаанын айдоочусу, Ак-Суу районунун 24 жаштагы тургуну К.Б. Бишкек—Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Балыкчы шаардык аймактык ооруканасына жаткырылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here