Мурун эмне үчүн канайт?

Мурун каноо ар бирибизде кездешкен көрүнүш. Анын себептери эмне, кантип жардам берип жана алдын алууга болот? Бул суроолорго жооп төмөндө.

Мурун — маанилүү орган. Ага байланыштуу оорулар бейтаптын жашоосун оордотот. Мурун көңдөйү кантамырлардын коюу түрмөгү менен капталган. Жаракат алган учурда ал тамырлар жарылып, мурун канап көгөрүү болот. Айрым учурларда кан жоготуу бир нече миллилитрди түзсө, кээде жарым литрге жетет. Эгерде бейтап 200 миллилитр же андан көп кан жоготсо, медициналык жардам зарыл. Мурун каноонун себептери: Кан басымынын дароо төмөндөп кетиши: Анын себеби катары стресс, тукум куучулук, пассивдүү жашоо образы эсептелет. Ошондой эле бул аз кандуулуктан кабар берет. Мында кандын курамы өзгөрүп, суюлуп кетет да, мурун канайт. Мындан арылуу үчүн курамында темир бар азыктарды пайдалануу сунушталат.

Көп өлчөмдө алкоголдук ичимдик ичүү: Алкоголь кан тамырларды кеңейтип, кандын уюшунун ылдамдыгы өзгөрүп, тромбоциттердин санынын азайышына алып келет. Ушул себептен улам мурун канайт. Организмге К витамининин жетишпестиги: К витамини кандын уюшун камсыздайт. Адамдын организминде К витамини бар болгону менен, жетиштүү деңгээлде эмес болот. Ошондуктан курамына бул витаминди камтыган шпинат, брокколи, көк чөптөрдү пайдалануу кажет.

Эмоционалдык жана физикалык жагдай: Мурун каноосу дайыма эле кандайдыр бир оорунун келип чыгышын билдире бербейт. Айрым учурда дени сак адамдын да мурду канашы толук мүмкүн. Ага физикалык же эмоционалдык оор жагдай себеп болот. Аны эч кандай жардамсыз эле бейтап өзү токтото алат.

Суукта узак убакыт жүрүү: Мурун каноосу узак убакыт суукта жүрүүдөн да болот. Мындай учурда былжыр чели кургап, натыйжада майда кан тамырлар жарылып кетет. Негизинен мындай каноо кыска убакытта болуп, бат токтойт.

Күн ысыкта сыртта жүрүү: Мурун каноонун негизги себептеринин бири — күндүн ысыгында жүрүү. Бул нерсе алгач баш оору, кулакка ызы-чуунун угулушу менен башталып, кийинчерээк мурун каноосу болот.

Былжыр челинин жабыркашы: Мурундагы инфекциялык оорулардан, суук тийүүдөн, аллергия жана ар түрдүү дарыларды мурунга өлчөмүнөн көп тамчылатып алуудан улам мурундун былжыр чели жабыркап, андан улам мурун канай берет. Гормоналдык өзгөрүүлөр: Адамда гормоналдык өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда кан тамырлар ичкерип, басым көтөрүлөт. Бул нерсе мурундун канашына алып келет.

Кургак учуктун башталышы: Мурундун каноосу кургак учуктун пайда болушунан кабар бериши да мүмкүн. Бул дартадамга аба аркылуу мурдуна вирус кирип жуккан болсо, ал ткандарды жабыркатып, натыйжада мурун канайт.

Шишик жана киста: Адамда киста же шишик болсо, тынч отурган абалда мурун канап баштап, 10 мүнөттөн ашык убакытка созулат. Мындайда мурундун каноосу бат-баттан кайталанып, баш ооруп, дем алуу кыйналат.

Мурун каноодо биринчи жардам көрсөтүү: Адам жарым отурган абалда, тагыраагы тизени бүгүп, денени алдыга эңкейген калыпта кармоо керек. Мурунду эки манжа менен бекем кармап, бейтап оозу менен дем алуусу шарт. Мындай абалда аз дегенде 5-10 мүнөт туруп, андан соң мурунду коё берүү керек. Кан оозго же тамакка кетип калбашы үчүн башты артка көп чалкалатпоо керекбейтапты горизонталдык абалда жаткыруу туурамурундун айланасына жана чекеге муз коюу да жакшы натыйжа берет. Мында кан тамырлар муздап, уюган кандын чыгып кетишин шарттайт. мында да каноо токтобосо, тез жардамды чакырууга туура келет.

Эскертүү: мурун канаган соң дароо ысык тамак, ысык чай, кофе ичүүгө болбойт. Болбосо кан басымы көтөрүлүп, мурун кайрадан канашы мүмкүн. Ден соолукта болуп,оорубаңыз …

🤲

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here