Быйыл Кыргызстан  тогуз айында 807,6 миллион долларлык алтын экспорттогонун  Улуттук статистика комитети маалымдады. Бул  суммага 16 тонна 648,4 килограмм алтын сатылган. Баалуу металлдын дээрлик баары Улуу Британияга экспорттолгон, 4,5 килограммын гана Түркияга алып кетишкен. Былтыр  январь-сентябрь айларында 13 тонна 4 килограмм алтын 562,5 миллион долларга сатылгандыгы салыштырмалуу түрдө айтылды. Январь-сентябрь айларында Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын бааны аныктоосунда 31,1 грамм унций алтындын наркы 1474 доллардан 2067ге чейин жогорулаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here