Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин эске алуу керек. Мындай пикирин 23-ноябрда конституциялык кеңешменин жыйынында анын мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов билдирди.

Асанканов буга чейинки чырлар кайталанбашы үчүн улут аралык саясатка бирдей кароо зарылдыгын, Кыргызстандын эли көп улуттуу экенин эч убакта унутпаш керектигин белгиледи:

“Улуттар ортосундагы мамиле туура эмес болгондуктан тарыхыбызда акыркы 30 жылда эки жолу чоң улут аралык кагылыш болду. Мен ошолорду изилдеген кишимин. Токсонунчу жылы 318 бейкүнөө киши, 2010-жылы 492 киши өтүп кетти. 6 миллиард сомдон ашык каражат кетирдик. Бүлүндү. Экономика артка ыргытылды. Эң негизгиси – элдин ортосундагы ишенимге жана мамилеге жарака кетти. Ошондуктан Конституциянын концепциясында биз сөзсүз улут аралык мамилелерге бирдей карашыбыз зарыл. Көпчүлүктү түзгөн гана элдин укугун көбүрөөк көргөзүп, ал эми башка элдердин укугун кичине азыраак көргөзүп кое турган болсок биз кайрадан 1990 жана 2010-жылдагы окуяга туш келишибиз мүмкүн”.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү Кыргыз республикасынын аталышын «Кыргыз эл республикасы» («Республика Кыргыз») деп өзгөртүүнү сунушташкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here