UFC уюмунун башчысы Дана Уайт Валентина Шевченко  UFC 255 турниринен кийинки маалымат жыйында: 

— Менимче Андраде менен Шевченконун ортосунда мыкты кармаш болот. Шевченкого жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар атаандаш керек. Андраде ошолордун бири. Кийинки беттештерде экөө беттешип калышы мүмкүн- деп айтты.

Маалымат катары айта кетсек, Жессика Андраде былтыр аялдар арасында жеңил салмак боюнча (52 килограмм) чемпион болгон. Бирок кытайлык Вэйли Жангдан жеӊилип калган.  Ошондон кийин Андраде эң жеңил салмакка өтүп, октябрь айында Кэтлин Чукагянди  жеӊген.  

Эске сала кетсек, кечээ АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоду.  Беш раундга созулган айыгышкан беттеш болуп, Шевченко андан күчтүү экенин көрсөттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here