Алма уксусу адам организми үчүн уникалдуу, натуралдуу азык экенин баалабай келебиз. Аны ашканада да, косметологияда да, ал турсун, дарыланууда да колдонууга болот.

Көңүлүңүз ачык болсун десеңиз…

Уйкудан ойгонгондо ач карын 1 стакан үй температурасындагы сууга 1 аш кашык алма уксусун, 1 чай кашык бал кошуп жутуп алсаңыз, көңүлүңүз ачылып, жеңил жүрөсүз.

Салмактан арылууда: 1 стакан жылуу сууга 1 аш кашык алма уксусун кошуп ач карын ичүү ашказандын иштешин жакшыртып, ашыкча салмактан арылтат. Бир күндө үч маал ичип туруу керек.

Ашканада: Алма уксусунун жардамы менен жашылча-жемиштерди таза жууса болот, ошондой эле этти маринаддап, чылап койсо даамдуу болот.Териге кам көрүүдөАлма уксусу — териге түшкөн бырыштарга каршы натыйжалуу каражат. Аны менен бирге теридеги грибок, жараларга пайдасы зор.

Целлюлитке каршы: Төрөгөндөн кийин теринин ар кандай чоюлган жерлерин, целлюлиттерди алма уксусу менен сүртсө терини тартып, жылмакай кылат.

Чарчоону жазууда: Дене чарчап турганда 1 чоң стакан муздак сууга 2 аш кашык алма уксусун кошуп денеге толук сүртсө чарчоону жазат.Ваннага түшкөндөВанна кабыл алганда сууга алма уксусун кошсо денени эс алдырат.

Буттагы ооруну жазат: Ал үчүн алаканга алма уксусун куюп бутка сүртүү керек. Анан да чачты жууган соң алма уксусу кошулган сууга чайкаса чач жылтырай түшөт. 1 литр сууга 1 аш кашык алма уксусун кошуу керек.

Организмди чыңдоодо: Тамактануу маалында 1 стакан сууга 2 чай кашык алма уксусун кошуп ичсе жалпы организмди чыңдайт.

Ангинаны дарылоодо:Ангина менен ооруп жаткан адам күн сайын 1 стакан сууга 1 чай кашык алма уксусун кошуп тамакты чайкап, андан соң жутуп коюусу керек.

Бөйрөккө суук тийгенде:Бөйрөккө суук тийген учурда 1 стакан суу менен эки чай кашык алма уксусунун кошулмасын күн сайын ичип жүрүү керек.

Баш ооруда: Башы ооруган адам 1 аш кашык алма уксусу, 1 аш кашык бал кошулмасын тамактанар алдында ичүү менен баш оорудан кутулат.

Кан басымы көтөрүлгөндө: Кан басымы жогору адам 1 стакан сууга 2 чай кашык алма уксусун кошуп күн сайын ичип жүрүү менен кан басымынын өлчөмүн бир калыпта алып жүрө алат.

Түнкүсүн тердөөдө: Түнкү уйкусу тердөөдөн бузулган адам уктар алдында териге алма уксусун сүртүп жатуу менен терден арылса болот.

Темир өткүдө: Денеге темир өткү чыгып кеткен учурда күндүзү 4 жолу, түнкүсүн 3 жолу ошол жерлерге алма уксусун кебезге малып коюп коюу керек. Андан кычышып, ачышканы басылып эртерээк айыгышына шарт түзүлөт.

Күйүктө: Күйгөн жериңизди алма уксусу менен сүртсөңүз жаныңызды кейиткен ооруну басаңдатат.

Тамырдын варикоздору кеңейип кеткенде: Тамырдын кеңейип кеткен жерлерине алма уксусун эрте менен жана кечинде сүртүп, аны менен бирге 1 стакан сууга 2 чай кашык кошуп ичүү керек.

Көздөн жаш куюлганда: 1 стакан сууга 1 чай кашык алма уксусун, 1 тамчы йодду кошуп күнүнө бир күндөн 2 жума ичүү керек. Кийин шейшемби, бейшемби күндөрү гана ичүү менен көздөн жаш агууну токтотсо болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here