Эч качан алманын кабыгын ыргытып жибербеңиз. Алма абдан пайдалуу жемиштин катарын толуктайт. Өзгөчө ал: С, Е, В1, В2, Е, Р витаминдерине бай.

Биз көпчүлүгүбүз аны сырты менен кошо жегенди көп деле жактыра бербейбиз. А бирок дал ушул витаминдер сыртыкы кабыгында экендигин билесизби?

Аны менен кошо төмөнкү ооруларга пайдалуу

Жөтөл басылбаса

Дары ичкен кезде дагы жөтөл токтобогон учурлар кездешет. Мындай шартта алманын сырты жардамга келет. Ал үчүн: бир стакан кайнак сууга, бир чай кашык тууралган алманын сыртын кошуп кырк мүнөт демдеп коёсуз. Даяр суусунду күнүгө эки маал жарты стакандан ичүү сунушталат

Муун зыркырап ооруса

Үч чай кашык майдаланган алманын сыртын, 500 мл кайнак сууга салып, ал жылуу болгуча күтөсүз. Жылуу болгон кезде күнүнө үч маал ичүү керек

Уйкусуздук каптаган кезде

Эки-үч алманын сыртын аарчып, ага суу куюп, отко коюп он мүнөтчө кайнатып аласыз. Ал беш мүнөт кайнаган кезде татымына жараша бал кошуп коёсуз. Кийин даяр болгон суусундукту күнүгө жатаар алдында ичүү сунушталат. http://zaman.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here