21-ноябрда Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан ЦУМ соода борборунун аймагында AUZ.T эл аралык форматтагы франшиза ачылды. Аталган компаниянын Кыргызстандын аймагында биринчи өкүлчүлүгүнүн ээси кыргыз ишкер Бекназар Асанов болду. Асановдун сөзү боюнча, «Бүгүнкү күндө AUZ.T тез-татымы коншу өлкө Казакстан Республикасынын аймактарында жайылып, жергиликтүү калктын сүйүктүү тамагына айланган болсо, кечеги күнү биздин сүйүктүү Бишкек шаарыбызда аталган тез-татымдын биринчи түйүнү ишке кирди. Жаратканыбыз буйруса илгерки рецепт менен жасалган, жаңы форматтагы тез-татымды кыргыз элим дагы даам сызып жүрүү үчүн өлкөбүзгө алып келдим.» — дейт

Ачылыш аземинде кыргыз эстрада жылдыздары чогулган элдин бүйүрүн кызытса, эң башкы конок катары аталган компаниянын элчиси, Орто Азияга белгилүү ырчы Кайрат Нуртас келип кызыл лентаны кесип ачып кетти.

Толук маалымат үчүн auzt_kg инстаграм баракчасында.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here