UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко дагы бир жолу чемпиондук курун коргоду.

22-ноябрда Американын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде Шевченко бразилиялык Женнифер Майа менен беттешип, жеңишке жетти.Валентина Шевченко төртүнчү жолу чемпиондук курун коргоп жатат. Ал 2018-жылы 8-декабрда UFC 231 мелдешинде польшалык Йоанна Ежейчик менен болгон беттеште аны жеңип, андан кийин 2019-жылдын 8-июнунда Жессика Эйге, 2019-жылы 10-августта Лиз Кармушка жана 2020-жылы 8-февралда Кэтлин Чукагянга каршы күрөштө өзүнүн наамын коргогон.

Ушул эле турнирде Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липски менен беттешип, аны экинчи раундда техникалык нокаутка жөнөткөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here