Акыркы сутканын ичинде өлкө аймагында дагы 386 адамдан COVID-19 диагнозу (коронавирус жана пневмония) аныкталганын респуликалык штабдан маалымдашты. ал эми акыркы суткада 6 адам каза болгон. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, бири Нарын облусунда, бири Ош облусунда дарыланып жаткан.

Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 20-ноябрдагы маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери жалпы 1223 бейтап көз жумду.

20-ноябрга карата илдетти жугузуп алгандар: 

— Бишкек шаарында 119 адам;

— Ош шаарында 2 адам;

— Чүй облусунда 118 адам;

— Ош облусунда 30 адам;

— Талас облусунда 17 адам;

— Нарын облусунда 11 адам;

— Ысык-Көл облусунда 55 адам;

— Жалал-Абад облусунда 7 адам;

— Баткен облусунда 27 адам.

Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 20-ноябрдагы маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 68 миң 702 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here