Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы реформалардын демилгечиси өзү болуп, конституциялык реформаны кеңири коомдук дискуссия аркылуу жүргүзсө элдин колдоосуна татымак. Мындай пикирин 20-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан жарандык коомдун «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Өмурбек Текебаев билдирди.

Текебаев:

“Мындай парламент биздин тарыхта болбоптур. Мүмкүн болгон оош-кыйыштардын баары ушул парламенттин тушунда өтүп, булардын көзү ачыла тургандай болуптур. 2016-жылы Атамбаев референдум жолу менен жеке бийлигин бекемдеп, узурпация кылганын көрүштү, катышты, колдошту. Репрессия жолу менен жеке бийлигин күчөткөнүн көрүштү, унчукпай карап турушту. Жээнбеков 2020-жылкы шайлоодо алдап, сатып алуу жолу менен парламентке ээлик кылып, жеке бийликти бекемдегенге аракет кылды. Жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрдү так ушул парламент. Акылына кирет десе, кечээ Жапаров президент болуп турганда, өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамга көрбөй туруп кол коюп, референдум жарыялайбыз деп үчүнчү жолу жасап жатат. Калган авторитетин жана саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү” -деп айтты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here