Кыргызстанда Конституциялык кеңешме түзүлөт. Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жарлыкка кол койгондугун билдирди.

«Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзсүн. Анын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КРдин мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизсин», — деп айтылат жарлыкта.

Конституциялык кеңешменин Улуттук илимдер академиясынын имаратында иштей турганы айтылып, анын катчылыгынын функциялары Юстиция министрлигине жүктөлгөн.

Жарлыктын аткарылышын Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жана президенттик аппараттын жетекчиси көзөмөлдөмөй болду.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here