Эки күн мурун жалпы коомчулукка сунушталган жаӊы Баш мыйзамдын долбоорун ким жазганы боюнча так маалымат жок болуп, бул маселе коомчулукта катуу талкууга алынып жаткан эле. Эми баш айланткан, авторитардык режимди орнотууга багытталган Баш мыйзамдын негизги авторлорунун бири Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуев экени ачыктала баштады.

Буга жокко оӊой менен чыгарууга болбой турган далилдер чыкты. Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн документ (файл) жөнүндө маалыматка караганда, документтин автору болуп Бектур Зулпиев болуп  саналат.

Ал учурда Башкача айтканда Конституциянын жаңы долбоору Зулпиевдин компьютеринен алынып, Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн. Мына сага. мунун баары бекеринен эмес.

Зулпуев деген кураткыр Бакиевдин заманында дагы ушул эле кызматта иштеп, ал учурдагы Баш мыйзамды Бакиевдерге ылайыктап жазып берген. Эми Жапаровго жазып бергенин ким жокко чыгара алат?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here