Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурунку жетекчиси кармалды. Бул маалыматты бүгүн, 19-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, мурунку директор Осмонов Болот кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайдасыз келишим түзгөн. Анын кесепетинен мамлекетке 1 млн. сомдон ашык зыян келтирилген. Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту бүгүн карайт. Осмоновдун коррупциялык иштери тууралуу багы чейин ЖМКларга байма-бай маалыматтар чыккан. Ал өзүнө каршы чыгып, мыйзамсыз иштерин ачык айтып чыккандарды сотко берген эле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here