Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Конституциянын жаңы редакциясына каршы экенин билдирип, аны абдан чийки деп баалады.

https://www.facebook.com/toktogaziev/videos/4102137729850090

Ал бул тууралуу соц баракчасына жазды:

-Конституция — бул оюнчук эмес. Аны эч ким менен талкуулабай, Жогорку Кеңеш аркылуу бат эле киргизип, кабыл алып салабыз деген туура эмес. Муну калың катмар эл, ар кандай эксперттик жана саясий күчтөр менен чогуу талкуулап, шашпай, ар бир пункт боюнча консенсуска келгенде гана жаңы Конституциянын редакциясын кабыл алса болот. Конституцияга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура көрөм. Маселен, азыркы учурда ишти премьер-министр аткарганы менен де-факто президент башкарып жатпайбы. Жаңы редакцияда президент көп ыйгарым укукту алып жатат, бирок ошол эле убакта премьер-министрдин кызматы да калып жатат. Менимче премьер-министр кызматын жоюп, жоопкерчиликти 100% президент алыш керек болчу. Мына ушундай өзгөртүүлөрдү киргизсе болот, бирок мунун баары диалог жана консенсус менен гана кабыл алынышы керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here