Конституцияга каршы чыккандарга басым башталды. Кечээ Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев ИИМге сурака чакырылса, бүгүн Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошевди суракка келүүгө чакыруу беришти. 
 
Бул эмне деген жорук? Эч нерсе боло электе минтип жатышса, Конституция кабыл алынып калса, Жапаров өзүн таза Кудай сезип, Текебаев айткандай Түркмөнстан жолдо калат го… 
 
Өңү кызыл бат оңот. Зордун түбү кор экенин тез эле сезесиңер. Эсиңерге келгиле. Жапаров сыноону, дөөлөттү, мансапты көтөрө албай калды. Дөөлөт тоголок, колдон бир жылмышса токтобойт. Ынсапсапсызга кашык берсең беш ууртайт болгон ач көздүгүңөр түбүңөргө жетет. 
 
Акыйкатты, өз оюн айткандарды куугунтуктаган эзели оңгон эмес. 
 
Түрмө силерге сабак болбоптур! Баягы эле эскилердин өкүм зордук жолуна түшүп ит болуп жатасыңар. Алсыз, арсыз адам гана бийликке жетсе, маселени күч менен чечем деп жаңылат.
 
Чү дегенде эле ээрге кыйшык отурдуңар. Силерге эмне кулдук уруп тургандар эле керекпи? Өз оюн, өз чындыгын айткандар душманбы? Минтип коркутуп, үркүтүп баарынын оозун жаба албайсыңар. Эсиңер болсо этегиңерди жыйгыла.

Булак: Фабула.кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here