Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү  маалыматы боюнча  кечээтен бери бул илдеттен  5 адам  каза болду. Алар: Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (130) жана Чүй облусунда (93). Оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3776 адамга жетти, алардын 3521и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 12 дарыгерге жукту

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here