18-ноябрда Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоонун жылдыруу маселеси боюнча чукул корутундусун жарыялады. Анда комиссиянын эксперттери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албай турганын баса белгилешкен.

“Парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, шайлоолор кийинкиге жылдырылган учурда парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүүлүгү жок”, — деп айтылат Страсбургдан иш алып барган комиссиянын корутундуда.

Ошондой эле комиссия бардык конституциялык жана мыйзамдык өзгөрүүлөр Башмыйзамда жана мыйзамдарда жазылган процедураларды жана мөөнөттөрдү сактоо менен ишке ашышы керектигин белгилеген. Маалыматка караганда, бул корутунду Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here