Бишкек шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары көпчүлүк коалициядан чыгарын жарыялашты. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Азырынча эки партиянын коалициядан чыгышынын себеби айтыла элек.

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика — Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген. Ал эми оппозицияда «Кыргызстан» фракциясы калган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here