Бир канча жылдан бери Түндүк-Түштүк жолу салынып жатат. Белгилүү болгондой ал жол Нарындын Жумгал району аркылуу салынууда. Бирок акыркы эки жылдан бери Жумгал аркылуу кете турган 70 чакырым жолдун курулушу талапатагыдай курулбай жатканы маалым. Белгиленген убакытттан калып улам кечигүү (пандемия шылтоосу да бар) жана сапатында да маселе бар. Ары бери чампалагандары деле ачыкка чыгууда. Бул маселе боюнча алдыда териштирүү жана катуу текшерүүлөр болбой койбойт. Канча миллиондор солого солонсо ал деле ачыкталат. Ал ортодо «супподрядчик» болгон фирмалар да байпактай алмашты. Ал эми бул долбоордун алкагында Жумгал районунун кире беришине, тактап айтканда айтылуу Кызараттын белине береги (сүрөттөрдү караңыз) долбоор катары чийилген арка туругузуу маселеси да камтылган. Чынында долбоордо чийилгендей арка тургузулса, анда мыкты арка болоорунан талаш жок. Бул демилгени ЖК депутаты Нурбек Сыдыгалиев сунуштап, мурунку өкмөт жактырган. Аркага кетчү каражатты жолду куруп жаткан Италиянын ТОДИНИ компаниясы ж.б. көтөрө турганы айтылат. Андан тышкары, бул ишке демөөрүчү боло турчу эр азаматтар да чыгарына ишенсек болот. Кудай буйруса, бул маселе жакынкы мезгилде толугу менен ишке ашат… Күтө туралы…

Келечекте тургузула турган арканын долбоорунун айрым сүрөттөрү:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here