Терминалдарды алып кетип жаткан учур видеокөзөмөлгө түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, бизнес-борбордун жанына Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа келип токтоп, андан бет кап кийген кишилер түшөт. Алар аппаратты машинанын артына салып, качып кетишкен. Ошондой эле экинчи терминалды дүкөндөн алып чыккан учурдун да видеосу бар.
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрь күнү Октябрь райондук милициясына Сүйөркулов көчөсүндөгү бизнес-борборлорунун биринин ичиндеги терминалдын уурдалып кеткени кабарланган. Баасы 200 миң сомдук терминалда 497 миң сом болгон.
Дал ушундай көрүнүш 12-ноябрь күнү 6-кичирайондо катталган. Анда белгисиз кишилер дүкөндүн ичинде жайгашкан төлөм терминалын алып кетишкен. Анын балансында 145 миң сом болгону айтылат.

Аталган фактылар Жазык кодексинин 200-беренесине («Уурулук») ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жыйынтыгында райондук милиция ыкчам издөө иштерип жүргүзүп, шаардын аймагынан шектүү катары 22 жаштагы үч жана 23 жаштагы бир жаранды колго түшүрдү. Учурда алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

https://www.facebook.com/802183870161047/videos/287190759303477/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here