Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

«Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет» — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Жаңы долбоордо президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо сунушу киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти «бир колго топтоо» катары сындап жатышат.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрынан тарта коомдук талкууга коюлат

17-11-2020 21:37

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.А.Алыбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, Ө.М.Бакиров, А.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, К.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А.Т.Жутанов, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, С.Исманов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, И.А.Маннанов, Г.С.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.А.Мусабекова, Б.Нурдинов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.О.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Ж.Субанбеков, А.М.Султанов, Б.К.Сыдыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Б.Эгембердиев, А.Л.Юсуров.         

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: 0312 63 86 92

Каттоо  № 6-1082/20      17.11.2020

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү»  мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here