Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1207 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 486 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (143) жана Чүй (137) облусунда. Оору жуккандардын жалпы саны 67 469 кишиге жетти.

Бир күндө 555 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3138 адам жатат, дагы 4100 бейтап үйдөн дарыланууда. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3750 адамга жетти, алардын 3505и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 15 дарыгерден табылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here